www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3-ноябрга караган түнү Казакстандын Караганды облусундагы Ленин атындагы көмүр шахтасында бургулоо учурунда газга ууланып беш адам каза болду. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын сөөгү шахтадан чыгарылганын маалымдады. Билдирүүдө айтылгандай, ууланып калган тоо кенчилердин төртөө окуя болгон жерде жан берген. Бирөө ооруканада үзүлгөн. Дагы бир нече кызматкер бейтапканада дарыланууда.
Шахтадан жалпы 100дөн ашык кызматкер эвакуацияланды. Полиция “тоо кен жана курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады.
Ленин атындагы көмүр шахтасы 1964-жылы ачылган. 1970-жылдан бери анда адам өмүрүн алган кеминде 7 кырсык катталган. 2006-жылы метан газы жарылып, 41 тоо кенчи мерт болгон. Бул шахтанын тарыхындагы эң чоң кырсык деп эсептелет.
Аталган шахта Казакстандагы "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык. Ал эл аралык Arcelor-Mittal концернине кирет. Компания Казакстанда 15 көмүр шахтасына жана темир кендерине ээлик кылат.
Булак: NazarNews.kg