www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казынага 1 млрд. сом төккөн депутат абактан чыкты

Коррупцияга шек саналып кармалган мурдагы премьер-министр, азыркы депутат Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 1 млрд. сом төлөп берип, эч кайда кетпөө тилкаты менен бошотулду. Бул маалыматты Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жумалиев өз ыктыяры менен жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акчага бааланган коммерциялык активдерин жана кыймылсыз мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин билдирди.

«Тергөө тарабынан Жумалиевдин улгайган курагын жана ден-соолугун эске алуу менен, 12-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна ага карата эч жакка кетпөө жөнүндө бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү келтирилди», - деп айтылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.

Жумалиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 4-февралда Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча айыптап, камакка алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости