www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Көл шаарында жоокер ефрейторду атып алды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жоокер ефрейторду атып алды. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-апрель күнү эртең мененки саат 07:58де ИИМдин Ички аскерлеринин Кара-Көл шаарында жайгашкан 718 аскер бөлүгүнүн Каскад Токтогул ГЭСтерин кайтаруу боюнча кароолунун курамында турган катардагы жоокер Б.К. куралын оксуздандыруу учурунда кокусунан атып жиберген.

Натыйжада кароолдун башчысынын жардамчысы, ефрейтор Н.И. оң колунан жаракат алган. Учурда анын абалы туруктуу, ден-соолугуна олуттуу коркунуч келтирилген эмес жана Кара-Көл шаардык аймактык бейтапканасында дарыланууда.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан зарыл болгон сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости