www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тең укуктуулук кыргыздын канында бар, кыздары кылыч кармап, эркекче кийинип жоо жеңип, жоого аттанган. Мындай пикирин жазуучу Кеңешбек Айтикеев билдирди.
Кыргыз элинин башкаруусу, демократиясы- сыйдан, ызаат-урматтан, улууну урматтоодон, кичүүнү да сыйлоодон, аял затын сыйлоодон, жетим жесирге мээримдүү, бооркердик менен мамиле жасоодон башталган. Эркектерди коргоочу, окаат-аш таап келип үй-бүлөнү багуучу катары баалап, барктап, үйдүн ээси, эр сыйлаган эшикте калбайт, Атанын сөзү ок, демек, тарбиялоого өтө күчтүү таасир берет деп, улгайып көзү өткөнчө сый урматка ээ болуп, жүрүш-турушу, мамилеси боюнча бааланып, камкор ата катары эсептелип, бир үйдү башкарууну колго алып жашоо турмуш өткөргөн.
Ал эми Эне болсо, балдарды тарбиялоочу катары эмгеги өтө жогору бааланып, аял үйдүн чырагы, аял болбосо үй көрксүз деп баалаган. Кыздын кырк чачы улук, кызга катуу сүйлөп көңүлүн калтырбагыла, кыз деген мейман, эртең эле бирөөгө бүлө болуп кетет деп, өтө аяр аспееттеп мамиле жасаган. Улуулата сиз деп сүйлөп, бир туугандар бири-бирин бир тууган катары катуу сыйлаган. Балдарды кагып, катуу айтып коркутпагыла, чоңойгондо жалтанчак, тартынчак болуп, өз оюн эркин айта албай калат деп, эркин сүйлөөгө, өзүн үйдө эркин сезип, эркин алып жүрүүгө дайыма ата-энеси тажырыйбалуу тарбиячы катары камкордук көргөн. Кыздарды энелери эне тарбиясын, ата тарбиясын көрбөгөн экен деп, бизди уят кылба деп, энелер келечекте үй-бүлөлүк турмушка коркутпай, чочутпай үйрөтүү жолу менен тарбиялаган.
Мейман күтүүнүн, мал союнун, бардык жашоонун эрежелерин, көп жылдык тажырыйбанын негизинде иштелип чыгып, жалаң адам баласына пайдалуу, үлгү көрсөтө турган эрежелер гана элге сиңип, андан балага сиңип, ар бир үй-бүлөдө башкаруунун демократиялык жолу иштелип чыгып, калыптанып, кыргыз элинин каны жанына сиңип, жашоо турмушуна оң таасир тийгизип, бир сөз менен Салт деп аталып, кыргыз элин кылымдан кылымга сактап келе жатат. Салтты бузууга эч кимдин акысы жок, себеби, бир нече кылымдын ичинде, калк пайда болгондон бери өнүгүп, өсүп, өзүнүн бузулгус касиетин көрсөтүп келе жатат. Ошондуктан куда сөөк болгондо, силердин салтыңар кандай, биз силердин салтыңарды аткаралы деп суралат.
Бей тааныш адамдар келгенде салтыңар кандай деп сурашат. Ар бир айылдын, аймактын атадан балага келе жаткан салты бар. Калк салты менен даңкталат, макталат. Демек, кыргыз эли салт менен башкарылган.
Бул башкаруу- мээримдүүлүктүн, бооркердиктин негизинде пайда болуп,ыймандуулукка, ызаат-урматка негизделип, багытталып башкарылган. Демек, чыныгы демократия жолу менен башкаруу - кыргыз элинде тарыхтан бери бирге жашап, өз натыйжасын берип келе жатат.
Ал эми тең укуктуулук кыргыздын канында бар, кыздары кылыч кармап, эркекче кийинип жоо жеңип, жоого аттанган ( Кыз Сайкал, Каникей Эне, Айчүрөк, Айганыш эжелерибиз да баатыр болгон) мынтык асынып көзгө атар мерген болуп, ат минип тоого барып бир айылды эт менен баккан кыз, мерген Жаңыл Мырза эжебизди ким билбейт. Акылдуу аялдар эл башкарып, чет элди таң калтырган кечеги эле Курманжан энебиздин калкты сактоо үчүн өз баласын курмандыкка чалганын. Көз алдында асылып жаткан баласына көтөр башыңды "ЭР жигит эл үчүн өлөт"деген кайрат берген сөзү, тең укуктуулуктун, акылдуулуктун, кыргыздын канында кыздары эли үчүн баатырдыкты көрсөткөндүгү эмеспи. Дүйнөнүн кайсы элинде эл үчүн өз баласын эл алдында, көз алдында, душман алдында курмандыкка чалган эне бар бекен?
Мына ушул окуянын, көрүнүштүн өзү- чыныгы демократиялык башкаруунун кыргыздын канында бар экендигинин дүйнө элине тааныткан далили. Эл келечек үчүн, урпактын өмүрүн сактоо үчүн, биримдикти, ынтымакты сактап, өздөрүн өздөрү башкарып, кыргыздын кандай калк экендигин, сабырдуулугун, акылдуулугун, келечекти көрө билгендигин чет элдик канкорлорго көрсөтүп турду. Демек, элди сактап калуу үчүн, ачууну акыл менен басуу керек экендиги тарыхта тарбия катары сакталып, урпактардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталып калды. Аскердик башкаруу да он башы, жүз башы, миң башы деп, кыргыздын жоокерлик доорунда башталган.
Булак: NazarNews.kg