www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва оппозициячыл түрк саясатчысы Кемал Кылычдароглунун Түркиядагы президенттик шайлоого кийлигишкен деген айыптоолорун чечкиндүү түрдө четке кагат. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Буга чейин массалык маалымат каражаттары президенттикке талапкер Кылычдароглу Твиттердеги билдирүүсүндө “Орусияны республиканын шайлоосуна кийлигишпөөгө чакырганын” жазган.

«Биз мындай билдирүүлөрдү чечкиндүү түрдө четке кагабыз. Эч кандай кийлигишүү тууралуу сөз болушу мүмкүн эместигин расмий түрдө билдиребиз. Эгер ага ушундай маалымат берилген болсо, анда алар жалганчылар», - деди Песков.

Ал белгилегендей, Орусия Түркия менен болгон мамилени баалайт, анткени Анкара буга чейин аймактык көйгөйлөрдүн бүтүндөй комплекси боюнча абдан жоопкерчиликтүү, эгемендүү жана жакшы ойлонулган позицияны карманып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости