www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Цирктин чуусу бүтпөс болду. Интрига күч. Директор Фархад Бекманбетов "мен аппак" деп актанып бүтпөй эси ооп отурат.
Эң эле күлкүлүүсү, өзүнүн дарегине айтылган сынга карата блогер, журналисттерди жалдап, соцтармакта маанай жаратуучулардын "жардамы", ошолордун оозу аркылуу Бекманбетов кыйын дедиртип жооп берип жатат....
Цирктин директорун актап, мыкты дегенди элге сиңирүү аракетин көрүп жаткандар: "Биз бир нерсени көрсөк, баса калып тепкилегенди жакшы көрөбүз. Цирк мамлекеттики. Фархад Бекманбетовго кол кабыш кылып, ремонтуна жардам берели. Кайсы мекеме болбосун ичинде интрига бар. Цирктин ичинде казино эмес таш балакет жок. Цирк сот, интригага эмес, азыр оңдоп-түзөөгө муктаж", - деген маанидеги окшош обон созуп жатышат.
Албетте, каалагандай обон созушсун. Бирок бир чындык бар. Фархад Бекманбетов иштей албай, коллективдин тилин таппай, интригага жол берип, чабалдык кылып жатканы факт да. Мажүрөө болуп, ишенип тапшырылган милдетти так, жоопкерчилик менен аткара албай, циркти оңдоп, өнүктүрүүгө чамасы жетпей жатса, жармашып отура бербей кетиши керек да?..
Анан өз укугун билбей, кызмат атасынан мураска калгандай чапталып алып, журналист, блогерлердин этегине корголоп, ошолордун оозу аркылуу актанып отурганы жигиттик эмес. Клоун болгондун эмне кажети бар?
Булак: NazarNews.kg