www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги  генерал, коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев менен эгемендик майрамынын  урматына баарлаштык.

-Кеңешбек мырза, эгемендикке ээ болгонубузга 29 жыл болду. Эгемендикке ээ болгону  эмнеге жетиштик? Көз карандысыздыктын  баркын, баасын   биле алдыкпы?  

-Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп, Бириккен улуттар уюмуна, башка көп эл аралык уюмдарга мүчө болуп, өз алдынча көп багыттуу саясат жүргүзүп, өз тагдырын өзү чечкенге толук мүмкүнчүлүк ала алды. Ошол мүмкүнчүлүктөр канчалык колдонулуп, мамлекет эл, коом канчалык өнүгүп-өскөн мамлекеттердин арасына кошула алды бул узаак, оор кеп. Бирок элибиздин руху, кайраты, намысы бийик. Кээ бир учурда эгемендиктин баасын, баркын көп түшүнө бербесек да, бара бара оң, түз жолго түшүп, кетирген каталарыбызды оңдоп, өнүгүү жолуна түшөөрүбүзгө эч кандай шек жок.   

-Эгемендик алганы элибиздин табияты өзгөрдүбү?

- Эгемендик алганы табиятыбыз абдан эле өзгөрдү. Элибиз эмгектенип, өзүн-өзү бакпаса, илгеркидей Москвадан, азыркы өкмөттөн камкордук, колдоо жок экенин терең түшүндү.    

- Эгемендикке ээ болгону эмнеге жетиштик, эмнеден өксүдүк?

-Эгемендиктин көп жемиши, жетишкендиги болду. Анын баарын саясатчылар, окумуштуулар тизмектеп, негиздеп айтып бериши керек. Антпесе өсүп келе жаткан муунда жашообуз жалаң ызы-чуудан тургандай элес калып жатат. Ошол эле мезгилде жашообузда терс көрүнүштөр да толтура экенин моюнга алышыбыз керек. Анын негизин мамлекет башына капысынан келип калып, өз кызыкчылыгын баарынан өйдө коюп, эки жүздүүлүк менен саясат жүргүзгөн президенттердин сөз-аракеттери түзгөнүн ачык айтышыбыз керек.

-29 жылдыкты камтыган эгемендигибиз эмнеге бай болду?

-Акыркы, өзгөчө 2000-жылдан кийин, мезгилде дүнүйө жүзү, элдер эбегейсиз өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатат. Заманбап техникалык өзгөрүүлөр менен катар адамзатта руханий жаңылануу болуп жатат. Келечекти  акча, алтын, бийлик эмес, жараткан жиберген мыйзамдар, ата-бабадан калган баалуулуктар, маданият чечээрин, кааласак да, каалабасак да, түшүнө баштадык.  Акыркы 30 жылда эмне менен байып кеттик, айтыш кыйын. Бирок башка мамлекеттен, элдерден калбай, азыркы кыйын чакырыктарга туруштук берип, мамлекетибизди сактап, кийинки муунга өткөрүп беришибиз абзел.

-Демократияны, эркиндикти ээн баштык менен алмаштырып алган жокпузбу?

-Демократиянын өнүгүп-өсүшү татаал болот. Ар ким ар кандай түшүнөт. Мамлекеттик жана коомдук жашоодо бардык нерсе мыйзамдуу, ачык, калыс чечилсе, эл тартипке тез эле көнүп, туура кабыл алып, өнүгүү жолуна түшөт. Ал эми коомдук жашоодо кош стандарттуулук өкүм сүрүп, ыймансыз бийлер башкарса, анда алдамчылык, калпычылык, ачкөздүккө окшогон көп терс көрүнүштөр орун алып, келечектин тамырын кыркып койоору айтпаса да түшүнүктүү. Тилекке каршы, ушундай мамиле көп учурда мамлекет башына келген адамдардан, аларды жан-жөөкөрлөрүнөн танууланып жатканын түз айтышыбыз керек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости