www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казахстанда жалпы улуттук тестирлөөнүн (ҰБТ) айланасында чыккан ызы-чуулу окуяларга чекит коюлду. Тест тапшыруу учурунда видео байкоолорго түшүрүлгөн тасмалар иликтенип бүтүп, жыйынтыгында бюджеттик орундарга кабыл алынган 97 окуучунун гранты жокко чыгарылды. Алардын арасында жогорку деп эсептелген 138 балл алган окуучу да бар.

Бул тууралуу Казахстандын Улуттук тестирлөө борборунун директору Дидар Смагулов өзүнүн интернет баракчасынан билдирди.

"Жалпы улуттук тестирлөөнүн айланасында чыккан чыр-чатактар териширилип,  натыйжасында 158 бүтүрүүчүнүн тест жыйынтыктары жокко чыгарылды. Алардын ичинен 97 окуучу бюджеттик орундарга окуу үчүн грант жеңип алгандар болчу (арасында 138 балл алган окуучу дагы бар). Мындан ары, тестти өз күчтөрү менен адилеттүү тапшырышып, бирок гранттык орундарга упайлары жетпей калган 97 окуучуну эки жума ичинде бюджеттик орундарга кабыл алабыз",- деп жазды Facebook баракчасына.

Анын айтуусу боюнча, тест тапшыруу болуп жаткан учурда, атайын тартипти сактоо үчүн милдеттендирилген мугалимдин өзү дагы мыйзам бузганы аныкталган. 
"Видеодон кандай гана "баатырдык" менен алдындагы суроо баракчасын уюлдук телефонунда сүрөткө тартып отурган баланы денеси менен калкалап турганын көрүүгө болот. Эми ал мугалимдин билим берүү тармагындагы кызматтык абалы каралып, керек болсо мыйзам чегинде катаал жазага тартылышын талап кылабыз",- деди ал. 

Эске сала кетсек, быйыл пандемияга байланыштуу Казахстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн улуттук тест тапшыруу өнөктүгү 21-июнда башталып 1-июлда жыйынтыкталган. Быйыл тестирлөөгө өлкө боюнча 131.754 бүтүрүүчү катышса, алардын ичинен 111.113ү же 82 пайызы быйылкы бүтүрүүчүлөр болушкан.

Асейин Саралаев, Казакстан

Булак: NazarNews.kg

Последние новости