www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальный дагы деле комада жатат. Анын абалы оор, бирок өмүрүнө кооптуу эмес. Бул тууралуу Навальный дарыланып жаткан Берлиндеги Charite клиникасы билдирди.

"Денедеги холинестераз блокадасынан улам келип чыккан кризистик белгилер азайып баратат. Анын абалы оор бойдон калууда. Бирок өмүрүнө эч кандай коркунуч жок. "Мурдагыдай, катуу уулануунун кесепети келечекте кандай болорун айтуу мүмкүн эмес".

Навальный жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдыргыч аппарты менен дем алууда. Анын жолдоштору ууланганынан шек санашат.

Ал уулангандан кийин Омск шаарындагы ооруканада эки күн жатып, андан соң дарыгерлердин аракетин организмдеги уулануунун издерин жок кылуу үчүн убакытты текке кетирүү деп мүнөздөдү.

Саясатчыны Берлинге алып келингенден кийин немис дарыгерлери анализ жүргүзүп, Навальный ууланганын билдиришкен.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент
Булак: NazarNews.kg

Последние новости