www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште эки мыйзамды бири-бирине шайкеш келтирүүгө багытталган «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – депутат Кенжебек Бокоев.

«Мыйзамды кабыл алууда одоно катага жол берилген, мыйзамдар техникасы сакталган эмес. Мыйзамдын 1-беренесинин укуктук жобосунда пенсия үй-бүлөнүн жыйынды кирешесине киргизилген. Иштеп жаткан мыйзамда үй-бүлөнүн жалпы кирешеси пенсияны эсепке албастан аныкталаары жөнүндө ченем камтылбай калган. Бул Өкмөттүн шалаакылыгы болуп саналат. Көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ар айлык жөлөкпул өтө маанилүү» - дейт Кенжебек Бокоев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости