www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хабиб беттешке кайра чыгабы?

Россиялык мушкер, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун спорттук карьерасын улантуу ниети жок. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Октябрда ал америкалык Жастин Гэтжинин утуп, үчүнчү ирет чемпиондук титулун коргогон. Беттештен кийин 32 жаштагы Нурмагомедов спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салган. Кийинчерээк UFC президенти Дана Уайт бир нече жолу Хабибдин октагонго кайра чыгарын ишенимдүү айткан.

“Мен чыккан беттештер чоң акча турат, көп адамдар көрүшөт. . Мурда беттеш өткөргөндөн кийин эртеси эле кийинкиси качан деп сурашчу. Эл дайыма эле сериалдын, банкеттин уландысын көргүсү келет. Бирок менин спорттук карьераны улантуу планым жок”, — деген мушкер.

Нурмагомедов UFC уюму ага дайыма жаңы мушкерлерди жана болжолдуу атаандаштарды даярдап келерин белгилеген.

“Ушундай бүтпөгөн көрүнүш, бул үчүн 40-45 жашка чейин беттешке чыгууга туура келет. Бирок бир максат болуш керек. Менин аталган дивизиондо эң алдыңкы сапка чыгуу планым бар болчу. Аны аткардым. Мен үчүн мындан ары кызыкчылык жок. Миссиям аягына чыкты. Атак-даңктын туу чокусунда туруп акча тапса болот. Бирок менин максатым башка болгон. Акчаны башка жактан иштеп табабыз”, — деп кошумчалады Нурмагомедов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости