www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австралияда үч жашар кыз батарейканы жутуп каза болду. Ымыркайды текшерген дарыгерлер ата-энесине анын жөн гана ууланганын айтышкан

Алгач кыз тамагы ооруп жаткандыгына даттанып, андан кийин жүрөгү айланып кускусу келип жатканын айткан. Анан күтүлбөгөн жерден мурунунан кан агып, көкүрөгү ооруй баштаган.

Кыз ооруканага жеткирилгенден кийин, дарыгерлер анда вирусун аныктап, ал бир нече күндүн ичинде айыгып кетет деп ишендиришкен. Бирок, рентген жасалган эмес. Кийинки күндөрү катуу тамак жей албай абдан кыйналган.

Түнкүсүн энеси кызынын катуу жөтөлүп жатканын угуп, кызынын абалын текшерүүнү чечкен. Бирок, тилекке каршы ал кызын кан жалап жаткан жеринен тапкан. Тезинен дагы бир жолу дарыгерлерди чакырганда, кыз сааттын батарейкасын жутуп алганын, ал тамакты күйгүзүп, аортага түшүп кеткенин аныкташкан.

Дарыгерлер ымыркайга эки жолу операция жасап, тилекке каршы аны сактап кала алышкан жок. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости