www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын лидери Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрөрүнө ишеним билдирди.

"Сиз менен жолугушуубуз мамилелерибизди жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн дагы бир учур болот деп ишенем", - дейт ал. 

"Бизде мамилелерди өнүктүрүү үчүн көптөгөн маселелер бар, анын ичинде саясат, экономика жана маданият", - деп кошумчалайт Түндүк Кореянын лидери.

Белгилей кетсек, Түндүк Кореянын лидери Россияга 2019-жылдан бери биринчи жолу келип жатат, ал Россия Федерациясына өзүнүн атактуу брондолгон поезди менен келди. 

Ким Чен Ынды сапарда Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Чхве Сон Хи, Эмгек партиясынын Борбордук Комитетинин аскерий администрация бөлүмүнүн башчысы Пак Чон Чхон, Борбордук аскердик комиссиянын башчысынын орун басары Ли Бён Чхоль коштоп жүрөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости