www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: 1 млн 300 миң жоокер Орусияга кошулат

Түндүк Кореянын согуш-деңиз күчтөрүндө 100 субмарин бар, ал эми Кошмо Штаттарда болгону 50, Орусияда болсо 70. Жоокерлерине келсек Түндүк Кореянын 1 миллион 300 миң жоокери бар. Түндүк Корея Орусияга жардам берүүгө багыт алууда. Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын "Ангара" космостук жана ракеталык комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышышты. Аталган комплекстин курулуш-монтаждоо иштери 2019-жылы 31-майда башталган. Учурда анын курулушу аяктоо алдында турат. Комплекс 109 гектар аянтты ээлейт жана 200дөн ашык имараттарды жана курулуштарды куруу пландалган. 

Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушууда экономикалык жана гуманитардык мүнөздөгү маселелерди талкуулоону жана аймактагы кырдаал тууралуу сүйлөшүүнү сунуштады."Биз, албетте, экономикалык өз ара аракеттенүү маселелери, гуманитардык маселелер, аймактагы кырдаал жөнүндө сүйлөшүшүбүз керек" деди Путин Чыгыш космодромунда Ким Чен Ын менен болгон жолугушууда.

Түндүк Кореянын лидери Орусияга 2019-жылдан бери биринчи жолу келип жатат, ал Орусия Федерациясына өзүнүн атактуу брондолгон поезди менен келди. Ким Чен Ынды сапарда Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Чхве Сон Хи, Эмгек партиясынын Борбордук Комитетинин аскерий администрация бөлүмүнүн башчысы Пак Чон Чхон, Борбордук аскердик комиссиянын башчысынын орун басары Ли Бён Чхоль коштоп жүрөт.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын анын Орусияга сапары Пхеньяндын Москва менен алакага артыкчылыктуу көңүл бурарын көрсөтөт деп билдирди. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 2019-жылдан бери биринчи жолу Орусияга келет. Ал Орусияга брондолгон поезд менен келген.

Саясатчы буга чейин Приморск аймагынын губернатору Олег Кожемяко жана жаратылыш ресурстары министри Александр Козлов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости