www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дене тарбия жана спорт департаменти Кытайда өтө турган Азия оюндарына күрөш боюнча мелдешке Кыргызстандын атынан бара турган балбандардын аттарын жарыялады.

Белгилүү болгондой, Азия оюндары 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт. Аталган оюндарга Кыргызстандан жалпы 230дан ашык киши барат. Анын ичинде спортчулар, машыктыруучулар, медицина кызматкерлери, кураторлор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү бар.

Ал эми күрөш боюнча мелдеште 15 балбан барат.

Эркин күрөш:

— 57 кг Бекзат Алмаз уулу;

— 65 кг Алибек Осмонов;

— 74 кг Орозобек Токтомамбетов;

— 86 кг Нурмухаммед Абдуллаев;

— 97 кг Каныбек Абдулхаиров;

— 125 кг Айаал Лазарев;

— Русланбек Маджинов, башкы машыктыруучу;

— Сүймөнкул Таабалды уулу, улук машыктыруучу;

— Ислам Тазабеков, улук машыктыруучу.

Греко-рим күрөшү:

— 60 кг Жоламан Шаршенбеков;

— 67 кг Раззак Бейшекеев;

— 77 кг Акжол Махмудов;

— 87 кг Атабек Азисбеков;

— 97 кг Үзүр Жузупбеков;

— 130 кг Ким Роман;

— Азат Эркимбаев, башкы машыктыруучу;

— Улукбек Карачолоков, улук машыктыруучу;

— Мейрамбек Ахметов, машыктыруучу.

Кыз-келиндер күрөшү:

— 62 кг Айсулуу Тыныбекова;

— 68 кг Мээрим Жуманазарова;

— 76 кг Айпери Медет кызы;

— Нурбек Изабеков, башкы машыктыруучу;

— Байгазы Кенжебаев, улук машыктыруучу;

— Чынарбек Изабеков, машыктыруучу.

Эскерте кетсек, Азия оюндарына катыша турган балбандардын ичинен Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова 16-24-сентябрда Сербияда өтө турган дүйнө чемпионатына барат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости