www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сөз чынынан бузулбайт. Азыркы учурда карапайым калк кымбатчылыктын айынан аябай эле кыйналып жатышат. Барган сайын элдин жону жукарып, жокчулуктун сазына сорулуп бараткандар көбөйдү. Инфляция өсүп, экономикалык абал оорлошуп, ички дүң өндүрүмгө урулган сокку жөнгө салынбаса, эл тез эле текши итке минген абалга жетет.
Какаганга муштаган болуп, электр энергиясындагы кризистик кырдаалды ого бетер начарлатат. Утур-утур жарык өчүп өндүрүштүн (завод, фабрика, чакан орто ар кандай багыттагы цехтер), курулуш тармагын, тейлөө кызматтарынын (кафе, ресторан, сулуулук салондору, мейманкана) ишин солгундатат. Ыраатуу иш жүрбөй, туруктуу көлөмдө товар өндүрүлбөй, талап-муктаждык өсүп, бирде бар, бирде жок болгон олку-солкулук баалардын дагы жогорулашына таасирин тийгизет.
Чынын айтыш керек, өлкөнүн учурдагы экономикалык абалы чеке жылытаарлык эмес. Азык-түлүк коопсуздугуна тиешелүү азыктын 9 түрүнүн дээрлик 8ин тыштан экспорттоп келебиз. Биз болгону картошка менен гана мамлекетти камсыздай алат экенбиз. Сүт-эт продукциясынын 60% гана өзүбүз өндүрсөк калганы тыштан келет. Башка жашылча-жемиш, кумшекер, суу май, дан азыктары менен деле толук өзүбүздүн муктаждыкты жаба албайбыз. Көбү сырттан ташылат. Өзгөчө данга, суу майга болгон көз карандылык күчтүү. Буудайды, унду, суу майды Казакстан, Россиядан алабыз. Украинадан келбей калды.
Быйыл кургачылык болуп түшүмдүүлүк кыскарды. Ошол эле Казакстан, Россияда абал жылдагыдай эмес. Бул жагдай кымбатчылыктан кабар берет. Казакстан, Россия ун, май азыктарына чектөө койсо, Кыргызстан электр энергиясы эле эмес, азык-түлүк кризисине дагы тушугат. Ансыз да электр энергиясы үчүн коңшулардын көзүн карап турганда бул жагдай оңбогондой сокку болот.
Мына учурда Россия менен Түркмөнстан Кыргызстан муктаж болуп турган 3.5 миллиард кВтсаат электр энергиясын береби деген кооптуулук бар? Өзүбүздө тартыш болуп жатат деп экспорт кылбай коюшса канттик? Дегенибиз, күз башталып суук түшкөнгө аз калды, биздин тиешелүү жетекчилер болсо, электр энергиясын сатып алуучу баасы менен орток пикир табыла элек деп чыныгы абалды ачык айтышпай жашырып жымсалдап жатышат. Балким, кырдаал, себеп такыр башкадыр.
Ошондуктан, Кыргызстандагы социалдык, экономикалык оор кырдаалдан Россия гана кол сунуп сууруп чыга алат. Ошол эле электр энергиясы, бензин, газ, дан эгиндери, суу май азык-түлүкпү, айтор, баарын тиешелүү көлөмдө Россия камсыз кыла алат. Алар терс айланса, иш чатак. Ошондуктан, Россия менен болгон мамилени чыңдап, Путинден кол үзбөй, мамлекеттик кызыкчылыкты көздөгөн кылдат саясат жүргүзүү күндүн күрөө тамыры болуп турат.
Булак: NazarNews.kg