www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушууда экономикалык жана гуманитардык мүнөздөгү маселелерди талкуулоону жана аймактагы кырдаал тууралуу сүйлөшүүнү сунуштады.
"Биз, албетте, экономикалык өз ара аракеттенүү маселелери, гуманитардык маселелер, аймактагы кырдаал жөнүндө сүйлөшүшүбүз керек" деди Путин Чыгыш космодромунда Ким Чен Ын менен болгон жолугушууда.
Белгилей кетсек, Түндүк Кореянын лидери Россияга 2019-жылдан бери биринчи жолу келип жатат, ал Россия Федерациясына өзүнүн атактуу брондолгон поезди менен келди. Ким Чен Ынды сапарда Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Чхве Сон Хи, Эмгек партиясынын Борбордук Комитетинин аскерий администрация бөлүмүнүн башчысы Пак Чон Чхон, Борбордук аскердик комиссиянын башчысынын орун басары Ли Бён Чхоль коштоп жүрөт.
Булак: NazarNews.kg