www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын өндүрүшүнө, экономикасына эбегейсиз салым кошкон, 10 миңдеген адамды жумуш орундары менен камсыздаган белгилүү ишкер Шаршенбек Абдыкеримовду сыртынан 1-СИЗОго камоо боюнча соттун чечими чыгыптыр.

Бул жагдайды коомчулук Абдыкеримовдун ак эмгек, маңдай тери менен тапкан ишканаларын, мүлктөрүн тартып алуу катары баалашууда. Себеби, буга чейин салык төлөгөн эмес деген негизде арак чыгарган заводун мамлекетке конфискация кылдык дешип тартып алышкан. Эми калган мүлктөрүнө көз артуу болуп, Шакини сыртынан соттоп Кыргызстанга келбей турган кылалы деген аракет жүрүп жатат окшойт. Учурда ал боорунан оор операция болуп сыртта ден соолугу менен алек болуп жүрөт. Анан өлгөндүн үстүнө көмгөн кылган соттун чечими чынында чоң сокку болду.

Арийне, ушундайда кезинде көп эле жакшылыгын көргөндөр Шакинин башына түшкөн акыйкатсыздык тууралуу калыс пикирлерин айта алышпай, баштарын кумга тыгып отурушканы адамгерчиликке жатпайт. Өзгөчө Абдыкеримовдун доору жүрүп турганда колтугунан чыкпай жанында жүрүп, акчалуу ишкер болушкандар, мансап күтүп депутат, министр болгондор үн катпай билмексен болуп отурушканы зээнди кейитпей койбойт.

Мына айталы, Шаршенбек Абдыкеримов соттолду, ошол күнү Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев президенттин колунан сыйлык алды. Кезинде дал ушул Балбак Түлөбаев Шакини Кудайдан кийинки эле ыйык саначу. Бүгүн башына сыноо түшкөндө акыйкат сөзүн айтканга жараган жок. Мындайлар көп. Депутат, министр болуп отурушат. Аттиң, дейсиң...

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости