www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: «Шаки, промахнулся!»

«Маугли» деген мультфилмде «Акела, промахнулся» деген сөз бар, ошонун сыңарындай АШАнын Илмиянов оң колу болсо, сол колу эсептелген «Шаки, промахнулся!». Арак королу Шакинин камалышы менен Кой-Таштагы АШАнын хан сарайын салууга чоң көмөк көрсөткөндүн сыры ачылат. Шаки камалганы турат. Демек бийлик АШАнын командасына чабуулун баштады. «Аю» холдингдин негиздөөчүсү, экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов сырттан камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Абдыкеримов Кыргызстандагы эң ири спирт ичимдиктерин чыгарган заводдордун ээси. Экс-депутат апрель айында аларды өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп бергени маалымдалган. Ошол эле айда Абдыкеримов Бириккен Араб Эмираттарында дарыланып жатканы белгилүү болгон.

 Шаки Атамбаевдин заманында күкүктөй сайрап жүрүп, «Аю» арак фирмасынын аркасынан мульти-миллионердин катарын толуктаган. Ошондуктан АШАга эт-бетинен кетип Кой-Ташта ал өзүнө президенттик хан сарай салып жатканда негизги «доляны» мойнуна алып мамлекетке салык төлөбөсө да, АШАга жардамын аяган эмес. Бул арак фирмасынын негизсиз экендигин эмки бийлик сезген соң, Шакинин бөжүрөп эт-бетине кеткенине карабастан мамлекетке алып койгон. Мамлекетке өткөн «Аю» арак заводунун мурдагы кожоюну Шаки мындай акыйкаттуулукка чыдай албай ден-соолугу кескин начарлап реанимацияга бүк түшүп жатып калды. Мамлекетке өткөн «Аю» арак заводунун мурдагы кожоюну Шакинин мурунку орун басары, азыркы  ЖК депутаты Балбак Түлөбаев сыртынан капа болумуш болгону менен ичинен сүйүнүп, бул заводдун мамлекетке өтүшү менен байланышы жок демиш болду. Кантип байланышы жок болсун? «Аю» менен чалчактап жүрсө, самопал арактарды сатып кудай ургандай пайда көрсө да мамлекетке салык төлөбөй, АШАнын хансарайын тургузуп берсе.

Атамбаевдин «клон» партиясы «Кыргызстанды» учурунда Шаки түзгөн. Аты «Кыргызстан» болгону менен  «Кыргызстан» партиясынын башында турган, эне теги уйгур, таятасы кыргыздардын колунда өскөн Шаки жетекчиликке алат. «Кыргызстан» фракциясынын жетекчилигине түбү Тынай болгону менен өзүнүн кызыкчылыгы үчүн Улуттук «Көк бөрү» оюнунун тизгинин тартып, Булат Утемуратовдун түздөн-түз кийлигишүүсү менен казактын «Көкпар» оюнун алдыга чыгарган Канат Исаев келет. Канат Исаев капчыгынын кызыкчылыгы үчүн «Көк бөрүнү» «Көк пар» үчүн жыгып берген. Балким ал Тынай бийдин калмак аялдарынын тукуму болуп жүрбөсүн?

«Кыргызстан» партиясынан 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо ат салышка Канат Исаев, Самат Ибраев сыяктуулар ат салышат. Самат Ибраев спикер Дастан Жумабековдун аппаратын жетектеп жүрүп, кыргыз элинин миллиондорун жеп алып Европага качып Болгариядан кармалган баласын коргойт, башка кимди коргомок эле?

Кожобек Рыспаев да 2020-жылы «Кыргызстан» партиясы үчүн төшүн тосуп бергендерден. Ал СДПКда Илмияновдун көчүгүн жыттап жүрүп, анын иши бүтөр менен «Кыргызстанга» ооп келген. «Көчүк жыттоо боюнча» чемпион!

2020-жылы дос катары созуп жүргөн Алмазбек Баатырбеков 2020-жылы биринчи вице-премьер катары Токтогул суу сактагычында суу төмөндөп баратканын билсе да уруп ойногон эмес, себеби Шакинин классташы катары анын үйүндө дайыма жарык күйүп турат эмеспи?

2021-жылдагы парламенттик шайлоодо булардын бири да «Кыргызстанга» назар салбай өздөрүнчө кетишкен. Ден соолугун чыңдап келген Шаки караса эле «Кыргызстан» партиясында эч ким жок. Партиянын символдорун алмаштырып, жетекчисин өзгөртүп, Садыр Жапаров президенттен түшүп калса чаба тургандай кылып камдап койду. Шаки өзү Ат-Башыдан шайлоого коюп, кызына кастинг жарыялап жиберди, анын кызын ким алар экен? Салымбековдор бул шайлоодо сайга салып кетсе да Шаки жок дегенде күйөө балалуу болуп калат да.

Учурда  журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Балбак Түлөбаев «Заводду рейдерлик жол менен тартып алуу же конфискация болду деп атоого болбойт»,-деп билдирди. Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, коррупцияга каршы күрөш боюнча суроолорго жооп берген. Ал өз сөзундө «Аю» заводу «кустуруу» өнөктүгүнүн курмандыгы болду деген пикирлерге жооп берип, ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айтты.

«Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат», — деп билдирген Садыр Жапаров.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости