www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын түндүгүндөгү башы кесилип өлтүрүлгөндөрдүн бири кыргызстандык экени айтылууда. Бул тууралуу «Московский комсомолец» сайты жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелип жаткан адам өзбек жараны жана ал гей. 

Биринчи курман болгон адам Бурятиялык белгилүү травматолог Доржо Аюшеев болгон. Ал Москвага келгенде гей-мигранты батирине чакырган. Бирок, баасын келише албай, ортолорунда чыр чыгып, анын башы кесилип, өлтүрүлгөн.

Кылмышкер муну менен токтоп калбастан, сейил бактан кезектеги курмандыгын тапкан. Ал Кыргызстандан келген жаран болгон. Шектүү аны менен жыныстык катнашка барып, кийин анын да башын кесип өлтүргөн. 

Полиция бир суткага жетпеген убакытта маньякты кармашкан. Азыр тергөөдө психологиялык-психиатриялык экспертизадан өткөрүү үчүн документтер топтолуп, видеобайкоочу камералардагы жазуулар да изилденип жатат.

Эске салсак, 12-сентябрда Москванын түндүгүндөгү "Дружба" сейил багынан, кийин Фестивальная көчөсүндөгү батирден башы кесилген жансыз денелер табылган. Маркумдар бири биренен 800 метр алыстыкта ​​болгон. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости