www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нөшөрлөгөн жамгырдан улам келген сел жүздөгөн үйдү каптаган.

 Ысык-Көл жана Тоң райондорунун селден жабыркаган жашоочуларына өкмөттөн гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Мекеменин маалыматында, элге биринчи сорттогу 21,95 тонна ун, 4 390 тонна кумшекер, 4 390 литр өсүмдүк майы жана 8780 банка эт консервасы берилген.

Мындан он күн мурун Ысык-Көл облусунда катуу сел жүргөн. Ысык-Көл, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Нөшөрлөгөн жамгырдан улам келген сел 380 үйдү, 11 дүкөндү, беш пансионатты каптаган. Анын кесепеттерин жоюуга жүздөгөн адам тартылган.

Акылбек Жапаров Ысык-Көлдөгү селден жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан компенсация төлөнүп бериле турганын айткан.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости