www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин аргасыз абалга кептелип, айласын таппай турат. Жардын кырында турган өлкөсүн кантип туңгуюктан чыгарышты билбей калды. Украина өлкөсүн, бүтүндөй элин отко салып берип, өзү жана жан-жөөкөрлөрү чириген байлык топтошту. Элинин көз жашы, каны менен эбегейсиз байлык топтоп, коррупция гүлдөдү. Эми ошол коррупциялык көрүнүштөрдү жазбагыла деп журналисттерге догун артып, коркута баштады. 

Башкача айтканда, украиналык журналистерге кайрылып, согуштук аракеттер бүткөнгө чейин коррупция темасын көтөрбөөнү талап кылганын "Зеркало недели" басылмасынын башкы редактору Юлия Мостовая билдиргенин Sputnik радиосу жазды.

Журналисттин пикиринде, эгер өлкөдө коррупция көйгөйү тууралуу айтышпаса “эч кандай жеңишке жетүү мүмкүн эмес”. Мостовая Зеленский теманы жөн эле жаап коюуну талап кылганына нааразычылыгын билдирген.

Буга чейин Зеленский аскердик абал учурунда коррупцияны мамлекетке чыккынчылык кылуу беренесине теңдей турганын билдирген болчу. Тилекке каршы, өзү командасы менен коррупцияга белчесинен батып кетти өңдөнөт.

Дегенибиз, Америка башында турган Батыш өлкөлөрү берген миллиарддаган доллардын, миңдеген ар түрдүү куралдардын так эсеби, отчёту жок жардам берген тарап нааразы болууда. Америка менен Батыштын берген куралдары "чёрный рынокто" сатылып, көзөмөл кылуу кыйын болуп калды. Мындан улам, Америка жана Батыш Украинага жардам берүүдөн заарканып калышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости