www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кочкор районунда жергиликтүү тургун аялын бычактап, андан кийин өзү асынып алды. Бул тууралуу маалыматты ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн, 18-июлдагы маалымат жыйында аялдарга карата зордук-зомбулук маселеси боюнча суроого жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, окуя кечээ түнү болгон.
“Мага эртең менен телефон чалып айтышты. Кочкордо жергиликтүү тургун түнкүсүн аялын бычактап, андан кийин өзү асынып алыптыр”, — деди ал.
Ошондой эле, министр республиканын аймактарында участкалык кызматкерлер иштеп жатышканын жана ар бир кызматкер мындай окуялардын алдын ала албай тургандыгын айтып, “биздин кызматкерлер ар бир үйдү көзөмөлдөгөнгө жетишпейт да”, — деди.
Булак: NazarNews.kg