www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борборд Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Жолгушууга Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев катышат.

«Өлкө лидерлери региондогу коркунучтарга биргелешип жооп кайтарууда Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча пикир алмашат, региондогу мамлекеттердин экономикасынын өсүшүн камсыз кылуу максатында кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы маданий-гуманитардык аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашат», - деди Муратбек Азымбакиев.

Ошондой эле Борбордук достукту жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган документтерге кол коюу пландалууда. Мындан тышкары Садыр Жапаров айрым өлкө лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости