www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин башчысы жарандык активисттер талап кылгандай, журналисттердин кызматтан кетүүгө ниети барбы деген суроосуна жооп берүүдөн баш тартты.

Улан Ниязбековдун айтымында, милициянын ишин «бир эле редакция эмес» эл баалайт.

Ал "айрымдар ички иштер органдарындагы реформаларды көргүсү келбейт" деп эсептейт.

«Мен жаңы эле реформалар тууралуу билдирдим. Сынды жакшы кабыл алабыз. Бирок бул бир редакциянын, бир телеканалдын пикири. Биз элге кызмат кылабыз, эл эмгегибизди баалайт», - деди милиция кызматкери.

Журналисттер Улан Ниязбековго Ички иштер министри катары үч ийгилигинин атын айтып берүүнү суранышты.

«Кайгуул кызматына автоунаалар сатылып жатканын качан көрдүңүз? Биз участкалык милициянын формасын өзгөртүп жатабыз. Санариптештирүү боюнча иштеп жатабыз. Мен өз отчетумда кылмыштуулук 47 пайызга азайгандыгын белгиледим», - деп жооп берди ал.

Улан Ниязбековдун айтымында, социалдык тармактарда Ички иштер министрлигине 10 гана адам сын жазат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости