www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлери тарабынан 13 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча Бишкектин Свердлов РИИБинин башчысынын эки орун басарына сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Ал райондук милициянын бул аракетин уят деп баалады.

«Укук коргоо органдарынын мындай жаман ишке барышы уят. Бул жерде отурган баарыбыздын эже-карындаштарыбыз, кыздарыбыз бар. Иш сотко өткөрүлдү. Чечимди сот чыгарат. Райондук ички иштер бөлүмүнүн эки орун басарына катуу сөгүш жарыяладык», - деди Улан Ниязбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости