www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сомалинин түштүгүндөгү Хиршабел штатындагы Джоухар шаарындагы популярдуу «Нур Доб» мейманканасынын алдында бомба коюлган унаа жарылып, бир нече киши жараат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таянуу менен «Анадолу» гезити жазды.
Жабыркагандардын арасында өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри да бар экени айтылууда. Адатта, мейманканага Хиршабель администрациясынын жогорку даражалуу өкүлдөрү көп келишет.
Күбөлөрдүн айтымында, жарылуудан коңшу имараттар жабыркаган. Бул акыркы мезгилдеги өлкөдөгү эң чоң жардыруулардын бири.
Азырынча кол салуу үчүн эч бир террордук уюм жоопкерчилик ала элек. Бирок кол салуунун артында «Аль-Каида» менен тыгыз байланышы бар «Аш-Шабааб» тобу турганы болжолдонууда.
Булак: NazarNews.kg