www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынып, аны колдогондор Кой-Таштагы үйүндө байырлап жатышат. Мына ошол колдогондордун катарында буга чейин аты-жыты чыкпай, иштен кеткени менен издеп таппай жүргөн, кайда экени белгисиз "жаңы жүздөрдү" көрдүк.
Алар ким десеңер УКМКнын экс-төрагасы А. Сегизбаев менен ИИМдин экс-министри Исраилов. Көптөн бери буктурмада жатышкан эрендер эски шефин колдомуш болуп келиштиби же агент болуп келиштиби?
Дегенибиз Сегизбаевдин жергиликтүү ММКлардын бирине берген маегинде экс-президент Атамбаев менен жолугушуп турарын, эч кандай саясат жөнүндө сүйлөшпөөрүн, адамгерчилик эле мамиле кылаарын, ошол эле маалда азыркы президент Жээнбеков менен да жолукканын, келечек жөнүндө кеп курушканын, саясаттан кеткенин жар салган эле.
Ал эми бүгүнкү күндө саясатка кайтып келдиби? Буга чейин кайда жүрүшкөн? Алтургай аларды Атамбаевди сатып кетти деп да жүрүшпөдү беле?
Булак: Факты.kg