www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев президент болуп турганда анын шопуру Илмиянов мамлекеттин рулун башкарып турганы белгилүү. Илмиянов башкаларга жолборс болгону менен, Атамбаевдин алдында чычканга айланчу. Арийне, “Икрам Саттарович” - деп артынан башкалар чуркап, парламенттик, президенттик жана жергиликтүү шайлоолорду жана жогорку эшалондогу кадр маселесин Илмиянов чечип калган. 2011-жылы Жогорку окуу жайында окутуучу болуп иштеп жүргөн Сегизбаев түз эле президенттин кеңешчиси болуп чыга келет. “Чычканга кебек алдырбай” президенттик шайлоодо Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров сыяктуу үлкөн саясатчыларды утуп чамгарактап турган Илмияновго Атамбаевдин айланасында  Абдил Сегизбаевдин айланчыктап турганы жаккан эмес. Сегизбаевди колдогондор Фарид Ниязов сыяктуу түндүктүн чыгаандары болгон. Илмиянов менен Сегизбаевдин ортосундагы талаш билинбей курчуй берет. Ак үйдө май талканда жүргөн Илмиянов үчүн Сегизбаевдин президенттин айланасында жүрүшү каскак болгон. Акырындык менен Сегизбаевди 2014-жылы УКМКнын маалыматын тейлесин деп сыртка чыгарган. Бирок Атамбаев “колуна карга чычып жатканда” кайниси Сегизбаевди эстен чыгарган жок. Тез эле кийинки 2015-жылы “летухабы” же капитанбы, эптеп журналист Абдил Сегизбаевди генералдык кызматка УКМК жетекчилигине койот. Бул мурун деле болгон завкафедра президент болгон соң Акаев досу “доссекретарь” Мисир Ашыркуловду наамына карабай УКМКны жетектеткен. Ашыркуловго салыштырмалуу Сегизбаев бийликтин кол баласы болуп берген. Бийлик камайм деп турган адамдардан “кан чыгарып”, жок шылтоолорду мойнуна койгон.  

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости