www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Теңир-Тоого ислам дини көп ирет келген:

1. Ислам дини жаңы кирип араб халифаты күчүндө турган VII—VIII кылымдарда Мавераннахрга жеткен. Азыркы Кыргызстандын өрөөн, чөлдөрүнө ислам динин кабыл алышып, бул аймактагылар ислам динин ошондон бери бекем тутат.

2. 840-жылы уйгур мамлекетин талкалаган соң, азыркы Кыргызстандын аймагында Карахандардын мамлекети орногон. Арстан хан (840 — 893), Базар хан (893 — 920),  Акуулхан (893—940), 920-жылы ягма уруусунун башына  анын уулу Сатык келет. 932-жылы ислам динин кабыл алып, 940-жылы хан болот. Анын уулу Мусанын убагында 965-жылдары Теңир-Тоодо жайгашкан Карахандар мамлекетинде жашагандар ислам динине өтүшүп, бул дин мамлекеттик дин болуп калган. Салыштырсак, славян калкы, анын ичинде орустар бул жылдары исламга өтөбүзбү же христианга өтөбүзбү деп баш оорутуп жүрүшкөн, 988-жылы Киев Русунун улуу князы Владимирдин кылычы менен христианчылыкты кабыл алышкан.

3. Санжыра боюнча 1508-жылы Адигине оорудан көз жумат, анын иниси Алай өрөөнүнүн Сары-Бел жайлоосунда туулган Тагай агасын биринчи ирет мусулманчылык шарт менен көмөт. Тагайды кыргыз эли бий көтөрүп, Мухаммед деген исламча ат алган.Тарыхта Мухаммад кыргыз деген наам менен калат. Азыр Тагай бийдин тукумдары Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын көпчүлүк калкын түзөт, бекер жерден анын Алайда төрөлгөнүн билгендер Тагай бийдин тукумдарын Түштүктөн келгенсиңер дебейт.

Тагай бийден баштап анын тукумдары, аркалыктар ислам динине өтүшөт. VII—VIII кылымдарда ислам динине өтүшкөн улутташтарынан айырмаланып ислам динине тереңдеп кирбейт, салт менен динди бир катарга коюшат. Негизи жалпы эле Кыргызстанда салттуу ислам же ханафи мазхабы колдонулат. Ханафи мазхабы экстремизмге, терроризмге жол бербейт. Өзү толеранттуу. Мисалы, бизде проваслав жана башка  диндер бар. Алар канча бир жылдан бери ханафи мазхабы менен жуурулушуп, ынтымакта жашап келатышат. Булардын ортосунда эч убакта конфликт болгон эмес. Өзүбүздүн ханафи мазхабын күчтөп койсок, ал экстремисттерге жана башка агымдарга каршы аракеттерди өзү жасай баштайт.

Кыргызда диндин толерантуулугунан улам кээ бир маңыроо улутташтарыбыз өз диндерин сатышып 90-жылдары акчанын азабынан баптист, иегова сыяктуу секталарга өтүп кетишкен. Бай болуп деле оңуп кетишкен жок. Аларга салыштырмалуу кудай дешкен кыргыздар олигарх болуп кетишти.

Учурда кыргызда динди бөлүү тууралуу ар кандай ойлор бар. Айрыкча эч нерсени аңдабаган, Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик-террорчу уюмдарга киришкен фанат мусулмандар салтту исламды чанышып, салт менен динди бирдей тутукан ханафий мазхабындагыларга ар кандай ярлык тагып келатат. Ушундан улам Тагай бийге чейинки Теңир жолун колдогондор кыргызда жаңы теңирчилик динин каттатуу боюнча аракеттерди кылып келатат.

Ушундай ойлор өзүн көзү ачык, экстрансенс ойлогон Арстан Алай сыяктуу мээ кайкылардын чырагына май тамызып жатат. Ал өзүн теңирчилердин жол башчысы катары карап туура айтабы, калп айтабы дөөрүй баштады. Бул тууралуу өзүнчө кенен сөз болор. Бирок, кыргыздар бүт ислам динин кабыл алганыбызды Арстан Алай билбейби? Бүгүнкү күндө Тагай бийдин тукумдарында деле жети атасынан бери мусулман болуп келатат. Ислам дини дилибизге сиңген, ата-тегибизге шек келтирип, элге таанылыш үчүн өз ислам динин жээрип, көккө сыйынуу Арстан Алайга өзү тилеген президенттикти алып келбейт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости