www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШга жыйырма алтынчы президент болгон Теодор Рузвельт 1912-жылы да президентикке ат салышып, шайлоочулар менен жолугуп жаткан учурда каршылаштары тарабынан ок атылып көкүрөгүнөн ок жейт. Ок көз айнегинин кутусун жана көйнөгүн тешип өтөт.

Көрөгөчтүк жагынан алдына киши салбаган Рузвельт кан куспагандыктан өпкөсү бүтүн экендигин баамдап, эч нерсе болбогондой бир жарым саат трибунадан түшпөй эл менен баарлашып, алардын талабын угуп, бул чоң коркунучту да өзүнө упай катары топтогон. Жолугушуудан кийинки текшерүүдө ок көкүрөгүнө 76 миллиметр киргени такталат.

Бирок бул окту алуу президенттин өмүрүнө коркунуч туудургандыктан ал көкүрөгүндөгү окту өмүр бою өзү менен алып жүрүптүр.

Булак: "lady.kg"

Последние новости