www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мына былтыр эле Улуу Британиянын элчиси менен, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асилбек Жээнбеков 26-апрелде ачылышын өткөрүп кеткен.  Бир жыл өтпөй сел алып кетти. Билесиңерби бул көпүрөгө канча акча кеткен? Так ушул көпүрөгө жергиликтүү демөөрчүлөр 2 млн 720 миң сомун каржыласа, донорлор 6 млн 219 миң сом берген. Бул тууралуу пикирин жергиликтүү тургун Кайратбек Апыйбеков билдирди.

Биздин айылдын элин жергиликтүү тургундар, жайлоого көчөөр маалында чөп-чаарды камдоодо зарыл убакта минтип кымбат баалуу көпүрөнүн болбогон селге аңтаралып түшүп калганы таң калтырат. Эми Асилбек Жээнбековдон жана көпүрөнү курган ишкана тез арада маалымат берип тиешелүү адамдар жоопко тартылышын талап кылабыз”,- деди жергиликтүү тургун Кайратбек Апыйбеков.

Эске сала кетсек, Кара-Кулжа районуна караштуу Биринчи Май айылында бир жыл мурун курулган көпүрө, 29-майда селдин кесепетинен жараксыз абалга келген.

Гүлдөй Разакова, NazarNews.kg

Ош облусу

Последние новости