www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«The Diplomat» журналынын талдоочусу Колин Вуд «Түкүрүк калбай калды: Кыргызстанда жаман адаттарга коюлган айыппулдар» деген темада макала жазды.
«1-январда күчүнө кирген жаңы мыйзамдар коомчулукта кызуу талкууланды. Бир түкүрүк үчүн 5500 сомдук айыппул кыргызстандык жарандын орточо айлык акысынын үчтөн бирине барабар. Негедир бул сумма ата-энелик милдетин толук аткарбаган жарандар төлөй турган миң сомдон 7500 сомго чейинки жазадан да көбүрөөк болгону элдин ачуусуна тийди. «Түкүрбө!» деген акциялар 2016-жылы башталып, социалдык тармактарда 22 миңдей адам колдоп чыккан. Бирок мыйзам кабыл алынгандан кийин ошол эле социалдык түйүндөрдө отургандар ага каршы чыгып, Бишкектин оор акыбалын, жыртык көчөлөрүн сүрөткө тартып жарыялашты. Ал тургай парламент имаратынын алдында атайлап түкүргөн акциялар да болду. Мындай реакцияга чыдабаган өкмөт түкүрүккө салынчу айыппулду миң сомго түшүрүүнү сунуш кылып жиберди. Кандай болгон күндө да коомдун пикири азыр баарынан өйдө чыгып, аны менен бийлик эсептешип жатат», - деп жазат Колин Вуд.
Ал эми «Global Voices» басылмасы Кытай, Сингапур сыяктуу өлкөлөр да түкүргөндөргө каршы дал ушундай чара көргөнүн, тилекке каршы Кыргызстанда кургак учук менен ооругандар көп болгондуктан, «түкүрүк чыры» коомдук талаш-тартышты жаратып жатканын жазып, социалдык медиадагы айрым кызыктуу комментарийлер менен постторду кошкон, деп жазат "Азаттык".
Булак: NazarNews.kg