www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлүк кайтарган жылан

Бул окуя жакында эле, ашып кетсе он жылга жетпеген убакытта болгон. Бирок, диндин фанаттары бир гана диндин талаптарына баш ийген үчүн кыргызчылык жана элибиздин улуу касийеттерине көңүл бурушпайт жана ишенишпейт. Айткандай, бизде тээ илгерден колдоочусу же сыймыгы деп айтылган сөз бар экенин да эске алганыбыз жөндүү. Эмесе сөз башынан болсун, өзүнүздөр калыс ой жүгүртүп көргүлө.

Каза болгон киши убагында согушка катышкан, ветеран болучу. Анын айтуусунда согуш талаасында жүргөн кезинде катуу салгылаш болоордо кадимкидей жылан көзүнө көрүнүп, жанында пайда болучу экен. Жылан жанында пайда болгонун байкаганда, катуу салгылаш болорун  алдына ала билип, жанындагы солдаттарга эскертип айтчу “немистер катуу даярдыкта чабуулга өтөт” деп. Анткен менен айтканы айткандай келчү экен.

Кийин согуштан келгенден кийин дагы кыйынчылык башына келген кезде же курсагы ачып кыйналганда жылан жанында пайда болуп, караан болуп далай жолу байкайт.

Ошол жыландын пайдасыбы же же болбосо ичээр суусу көп болгонбу, тиги киши токсон жети жашка чыгып, каза болот. Каза болгонго чейин эч ким деле билишпейт, жылан сыймыгы экенин.

Сөөктү  майрам сууга алып, боз үйгө киргизгенден баштап керегеге оролуп жылан сөөктүн баш жагында үч күн турат. Аны керек болсо ошол кезде телефонго да тартып алышкан. Бул карандай чындык. Жылан кадимкидей аза күткөнүн, эл дагы байкашкан.

Анткен менен карыянын балдары ал жыланды эч зыянга учуратпай, элге эскертишет, “жыланга тийишпегиле” деп. Айткандай карыя каза болоорун алдын ала билет. Анткени бир курдай эсине келген кезде “балдарым, даярдана бергиле, менин жыланым келип калган турбайбы” деп айтканда бул айтылган сөзгө анча деле маани беришкен эмес эле. Качан сөөктүн жанында пайда болгондо гана атасы алиги сөздү бекер айтпаганына ынанышкан экен.

Айткандай “кызды келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр” деп айтылгандай, карыя элге ушунчалык алыныптыр, топурак салганга ушунчалык киши көп келет. Бир кызык жери, сөөктү жайына койгону кирген кишилер баягы жыланды мүрзөнүн ичинен көрүшүптүр. Жылан сөөктү койгонго чейин четте турганына бери байкашып, ушунчалык таң калып калышкан экен. Айткандай сөөктү алып чыгарда жылан жок болуп кеткен экен. Ал кантип карыяныны жайын таап келди, маселе мына ушунда.

Кээ бир карыялардын айтуусунда жылан карыяныны колдоочусу болгон деп айтышат. Ооба, биз деле түшүнөбүз,  бир гана Алла колдоп, Алла гана барына себеп болорун. Бирок, ар бир адамдын сыймыгы болорун ушул эле окуя күбө болуп жатпайбы. Кыкасы, ар бир адамдын сыймыгы болоруна да маани беришибиз керек экенин эске салып койгонубуз да туура, бир беткей ойго алдырбай.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости