www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Ушул күнгө чейин Атамбаев менен Текебаевдин ортосундагы тирештин сыры так ачылбай келатат. Ушул сырды бүгүн да бир жолу чечмелегенге аракет кылып көрбөйлүбү? Эки дос кандайча душман болуп калышты?
— Атамбаев 7- апрель революциясынан кийин эле Ө. Текебаев жана башка революционерлерден кол үзүп кеткиси келген. Атамбаев Бабанов, Келдибековдор менен бир коалиция түзүп, алар менен жакын болуп жатты. Бирок, ошол мезгилде, Атамбаев эксперттер менен жолугушуусунда “Силер мени күнөөлөп жаткан чыгарсыңар, Ө. Текебаевди таштап кетти деп. Жок, андай эмес. Бул убактылуу нерсе. Бираз күтө тургула. Мен аны бир же эки жылда, абал өзгөргөндө спикер кылам, көрөсүңөр” деген эле. Кийинчерээк чын эле Атамбаев Бабанов менен Келдибековду чанып, булардын коомдогу аброю өсүп кетпесин деп, тымызын Ө. Текебаев менен жакшы боло баштайт. Текебаевдин жардамы менен коалицияны бузуп таркатып, Келдибековду спикерликтен кулатып, Бабановду премьерликтен кетиргенге үлгүрдү. Мына ошол маалда коомчулук Текебаевди спикер кылат экен деп күтүшкөн.
Бирок, андай болгон жок. Атамбаев бул жолу да революциялаш өнөктөшү Текебаевди чеңгел аралыкта (дистанцияда) кармап турууну туура көргөн. Атамбаевдин коомдогу аброю жана таасири канчалык өскөн сайын, ал акырындык менен өзүн саясий элитадан обочолоп, өзүн акыркы инстанция (Кудайдан кийинки) катары көрсөтүүгө аракет кыла баштаган. Ал образга кирип, өзүн жарым кудай же кудай катары көргөзүп жатты. Өлкөдөгү бардык маселелер бир гана Атамбаев аркылуу чечилип калган. Мисалы, акыркы парламенттик шайлоолордо Атамбаев бардык парламентке кире турган партиялардын тизмелерин өзү жана анын оң колу Илмияновдун жардамы менен түзгөндүгү маалым. Ошентип, Атамбаев ЖКны чөнтөк парламентке айланткан. Ошондон кийин Атамбаев эмнени кааласа ошону жасай алган ажыдаарга айланып калган. ММКлар Атамбаевге тике карап сөз айта алган Текебаев калды деп жазып жатты. Текебаев болсо «Конституция сынды, элита сынды. Эгер эл да сынса, биз кайра турбайбыз» деп жалпы журтка коңгуроо кагып турду. Бирок, Текебаев канчалык коңгуроо какпасын, эбак эле баары чечилип, кеч болуп калган. А. Атамбаев өзү үчүн өз мөөнөтү бүткөндөн кийинки коомдогу ордун тактап алган. Ал резиденцияда жатып алып, өлкөнү башкарам деп ишенген. Ошол үчүн өлкөнүн Конституциясын өзгөртүп, өз адамдарын жаңы келген президент алмаштыра алгыс кылып парламентти да колго алып, баарын чечип койгон. Атамбаев өзү үчүн президенттик мөөнөтүнөн кийин Мао Цзедун, Ден Сяопин, М. Ганди, Ататүрк, Чегивара жана башкаларчылап улуттук баатырга жана рухий лидерге айлануунун жолун чийип койгон. Ал элдин эсинде революция үчүн жаралган бирден бир инсан, бардык өмүрүн революция үчүн, элдин жыргалчылыгы үчүн арнаган улуу АДАМ катары сакталып калгысы келген. Бул абалда Текебаев ага тоскоолдук кылып, анын пландарын бузуучу «винтиктин» гана ролун аткарып калган. Атамбаев Текебаевдин саясий атакаларынан корккон эмес. Текебаев эмес, бүтүндөй Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бириксе да эч нерсе кыла албасын жакшы билген. Ал өзүнүн эбегейсиз бийлигине ишенген жана чиренген. Ошого 2016-жылдын 31-августунда бүтүндөй Кыргызстанга жар сала УӨ төрайымы Р. Отунбаеваны мыйзамсыз деп жарыя кылган. Аны «самозванка» деп ашатып салган.
УӨтү ошентип жалпы элдин алдында сындырган. Текебаев өжөрлөнүп, Атамбаев өзүнүн кичи мекени Кой-Таштагы 2,7 га жерге кандайча ээлик кылып калгандыгы жөнүндөгү маалыматтарды коомчулукка жар салып жиберди. Мунун негизинде Атамбаевдин аброюна өтө чоң сокку урулган. Текебаев тарабынан биринчи жолу өлкө башчысы Атамбаев катышкан чоң масштабдагы коррупциялык аракеттер ачыкка чыккан. Буга уда эле Текебаев Дача-СУда кулаган самолеттогу жүктүн Атамбаевге таандык экенин далилдейм деп билдирип, активдүү аракеттерди көрө баштады. Ошол мезгилде Атамбаев үчүн Текебаев менен С. Жапаровдун биригип кетиши өтө кооптуу болуп эсептелген. ММКларда Текебаев менен Жапаров Кипрда жолугушуп, Кумтөр маселесин жана биригүү проблемаларын талкуулашыптыр деген маалыматтар тарап турду. Кумтөр жана мөңгүлөрдүн проблемасын көтөрүү өтө эле кооптуу болчу. Чынын айтканда, Атамбаев Текебаевди камабаса кантип резиденцияда жатып алып өлкөнү башкара алмак эле. Бул кыялын ишке ашыруу эч мүмкүн эмес болчу. Атамбаев өзүн түбөлүккө калтыруу үчүн КСДПны батыштын социнтернге мүчө кылып, «Ата-Мекенди» болсо толугу менен саясий аренадан сүрүп чыгууну көздөгөн.
Булак: "Жаңы Ордо"