www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын батышында жайгашкан катуу көзөмөлдөгү колониясында кечээ, 19-майда түнү ызы-чуу, көтөрүлүш чыккан. Бул тууралуу Тажикстандын Юстиция министрлигинин орун басары Мансурджон Умаровдун маалыматына таянып, РИА Новости жазып чыкты.

Колониядагы көтөрүлүштө 29 адам каза тапкан. Министрдин орун басарынын айтымында, каза болгондордун сегизи өзүнө кол салган, андан тышкары, 3 кайтаруучу каза тапкан.

Маалыматка ылайык,  түрмөдөгү чууну “Ислам мамлекети” тыюу салынган тобу боюнча соттолгондор чыгарган. Болжол менен кечки саат 20:00дер чамасында бычак жана курч шаймандар менен куралданган 30 адамдан турган түрмөчүлөр  түрмөнүн 3 кайтаруучусун барымтага алып, бошотууну талап кылуу менен аларды өлтүрүп салышкан.

“Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кылмышкерлер арасында, кайым айтышуу болуп, куралдуу кагылыш болгон”, - деп билдирет Министрлик.

Колониянын кызматкерлери, аларды тартип сактоосун талап кылганда, абактагылар баш ийбей, башка кайтаруучуларды да жарадар кылган. Учурда абал жөнгө салынып, окуя иликтенүүдө.

Аталган колонияда, Дүйшөнбүдөн 15 чакырым аары Вахдатта жайгашып, анда 1 миң 500 кылмышкер кармалат.

Эске салсак, 2018-жылдын ноябрында да тажик түрмөлөрүндө ушундай окуя катталып, анда 21 адам набыт болгон. Ал жаңжалга да террористтер айыпкер болушкан.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости