www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Тёплые ключи” санаториясында колу-буту байланып, оозу скотчтолгон абалда бакта асылган жарандын ким экендиги аныкталды. 

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан ал адамдын өздүгү аныкталган, ал О.Э. аттуу 19 жаштагы Нарын облусунун тургуну.

Эске салсак, 21-ноябрда саат 13:13төр чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө “Тёплые ключи” санаториясында жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине ыкчам тергөө тобу барганда, маркумду асылган абалда турганын аныкташкан. Маркумдун денесинин айрым бөлүктөрү скотч менен оролуп, байланган.

Бул факт 130-берене (адам өлтүрүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости