www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык палатанын судьялары «Реформа» партиясы жана Касымбеков Усубалиев аттуу жарандардын «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» парламент кабыл алган мыйзамга каршы жазган арызды кароого алды. Бул тууралуу Конституциялык палата билдирди.

Маалыматка караганда, азыркы тапта ишти кароого даярдык жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, «Реформа» партиясы парламент 22-октябрда кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылган.

Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам 27-октябрда мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланып, расмий күчүнө кирди.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Андагы массалык добуш бурмалоого калайык каршы чыгып, 5-октябрдан тартып өлкөдө ири нааразылык акциялары башталган соң, БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости