www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткенде иш сапары менен жүрөт. Ал Бакай айылына жакын Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык курулуш иштери менен таанышты.

Белгилей кетсек, 2013-жылы эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда ушул аймакта чыр чыгып, атышуу менен коштолгон. Ошол учурда да эки тарап Кыргызстанга 25 чакырымдык Көк-Таш - Ак-Сай – Тамдык - Кишемиш жолун, Тажикстандын Ворух анклавы үчүн Ак-Сай айылын айланып өткөн жолду бир учурда курууну сүйлөшкөн. Бирок ал макулдашуу боюнча иштер толук бүтпөй калган.

Ошондой эле Баткендеги иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Тажикстан менен чырлуу Ак-Сай айылына барат, ал жакта Көк-Таш, Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу менен таанышып, чек арада жашаган эл менен жолугат. Андан соң Баткен шаарындагы борбордук стадиондо аймактын калкы менен жолугушаары айтылды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости