www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суваналиев артында ыплас иштери болбосо: «Баткендеги чуулганды мен Каттани заматта басып койдум!» -деп ааламга жар салмак. Арийне, Суваналиевдин көчүгүндө булганыч нерселер сасып жатат, анан кантип мактанат? Баткендин экс-губернатору Жеңиш Разаков учурунда Хожентке жашырынып кирип, анын бул кылмышы билинип калып, эл алдында жүзү кызарып «Тажикстандын шпиону» деген наамга татыктуу болгон. Баткендин жаңы алмашкан губернатору Өмүрбек Субаналиев "шпион" Жеңиш Разаковго окшоп, Тажикстанга, Согди облусунун Хожент шаарына кирип кетип үч күн жоголуп кетип, кайра келген. Муну жогорку бийлик билген эмес, анткени протоколсуз, жашырынып кирген. Өмүрбек Субаналиев губернатор, мамлекеттик кызматкер да, анын ушундай оор кырдаалдарда облусту таштап, уруксатсыз, жөнү жок темселеп кирип, дайынсыз үч күн жоголуп кеткениненин жолу болсун. Тажикстанга кирип, Эмомали Рахмондун артын аарчып жүрдүбү?

Баткен облусундагы контрабанданы Суваналиев тыя алдыбы?

Героин, апийим, гашиш сыяктуу салмактуу баңгизаттар Ооганстандын: Бадахшан, Кундуз, Тахор, Балх сыяктуу провинцияларынан ташылып, Тажикстанды басып өтүп, Кыргызстан, Казакстан аркылуу Орусия Федерациясына, андан ары Батышты көздөй агылып турат. Мунун наркы 5 миллиард долларды түзүп, Ооганстандын ички дүң продуктысынын төрттөн бирин түзөт. Контрабандалык жол негизинен Шурабад, Хамадоний, Фархор, Пяндж, Дарваз, Шугнан, Ишкашим райондору аркылуу өтүүдө. Кыргызстанга негизинен Тажикстандын Согди облусунан Баткен жана Ош облусуна, Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунан жана Мургаб, Жерге-Тал райондорунан Ош облусу аркылуу баңгизаттардын транзити бар. Учурда баңги кылмышына каршы күчтү топтоп, трансулуттук баңгибизнеске олуттуу сокку урбаса, мыйзамсыз баңгизаттарга сатып алынган курал-жарактар, террористтик жана диний экстремисттик топторго экономикалык жактан көмөк көрсөтүп жатканы талашсыз. Баңгизат адамзат үчүн эң зыяндуу зат, баңгизаттын айынан улуттун генофонду бузулуп жатат.

Баткен облусун Өмүрбек Субаналиев жетектеп турган учурда контрабанданы тыя алган жок. Саясий кырдаалдардан улам баңгизаттарга каршы күрөшүү иши сууп, баңгизат ташыгандар тайралаңдап, төрдүн төбөсүнө чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк таап алышты. Ушундай мезгилде неге өзүн Каттани атаган Көтани мырза сыяктуу баңгизатка каршы күрөштүн устатына айланган жок? Кыргызстанда жаңы бийлик келсе куйругун "бултаң" этип чайпап жагынган, көзүн сүзүп, кашын кагып койнуна кире калган Өмүрбек Суваналиев көчүгүн бултактатып жатып Баткенге губернатор болгон. Октябрь окуясында аянтты жаңыртып обон салып, бакты ачылып, Коопсуздук Кеңешин жетектей койомун деп, ачылып бараткан багы  түшкөн жеринде жарылып кеткен. Аны менен бирге Ички иштер министри болгон Курсан Асанов принципте туруп, ал эмес камалып чыкты. Бечара өзүн «темир генерал» атаган «ылай генерал» эмне кылсын, Садыр Жапаровго жагынып жатып, Баткен облусуна губернатор болуп кетти. Эми анын Баткен облусунун экономикасына кошкон салымы жана жоругу тууралуу кеп куралы.

Жасалма, кооз сүйлөгөн короз генерал Суваналиев губернатор болуп турганда бир дагы жергиликтүү калкты жеке кабыл албаган. Анда эмне эшек такалап отурдубу? Губернатор - элдин жашоосун оңдош керек. Экономиканы өнүктүрүп, инвестиция тартып, өндүрүш, жумушчу орундарды түзүп, чек арада элди туруктуу сактап калышы шарт. Өмүрбек Субаналиев орун басарына: --"Силер кабыл алгыла, чечкиле маселени, чечпесеңер кеткиле!", - деп уялбай кыйкырып коюп, мамлекеттик иштерди эмес, жеке иштерин бүткөрүп жүрдү. Көрсө, ал өзүнүн иши менен бизнесин жасаганы эле барыптыр. Кыскасы, Каттаниден Көтаниге айланган «ылай генерал» дагы "сары машке саткын" Жеңиш Разаковдун шериги, шпион, тажиктердин агенти болуп жүрбөсүн? Так ушул маселеге далай жүзү каралардын бетин ачкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тыкыр көзөмөл жүргүзүп, кызмат убактысында ойноп Тажикстанга жоголуп кеткен Өмүрбек Субаналиевди жоопко тартпаса, каза болгондор үчүн ким жооп берет?

Катардагы карапайым баткен эли, "жакынкы аралыкта ызы-чуу болот, тажиктер даярданып жатат" деген "имиштерди" уккан. Эмне себептен өзүн чекисттердин ана башы эсептеген генерал, ызы-чуунун алдын алып, бийлик тарапка билдирип, чек араны күчтөп, элди эвакуация кылган эмес? 2010-жылы 11-июнда болгон жаңжал алдында Оштун мэри Мелис Мырзакматов мындай кандуу кагылыш болорун алдын-ала сезип, бийликке билдирген. Бирок, ал кездеги бийлик Исмаил Исаковдун туулган күнүн тойлоп, кандуу кагылыштын алдын -алууга кол шилтеп коюшуп, «өрт» каптап кеткен.

Өмүрбек Суваналиев өзү келип, ошол жерде чек арачылар менен элди сактап калбады. Куралсыз элди ок жааган жакка киргизип жиберди. Жасалма «ылай генерал» губернатор болуп турса да 28-29-апрель күндөрү эң оор кырдаалдарда кан төгүлгөн жерге басып барган эмес. Ал губернатор эмес андан тышкары генералда. Эмне үчүн окуя болгон жерге барган жок? Өмүрбек Суваналиев элди тажиктерге кырдыртып, өрттөтүп, айылдарды талкалатып коюп, унчукпай арыз жазып кызматынан кетип калышы керекпи? Андыктан, бийлик Өмүрбек Субаналиевдин үстүнөн кызматтык иликтөө жүргүзүп, Курсан Асановдун ордуна түрмөгө киргизиши зарыл.

Ошондой эле, Баткен, Лейлек райондорунун акимдери, айыл өкмөттөрү, чек аранын жетекчилери Шаршеев баш болуп жооп бериши керек. Элдин өлүмү оюнчук эмес. Элдин пикири менен эсептеше турган адам барбы? Же ашмалтайы чыккан кадрлар менен элди кыйнай берелиби? Ток этээрин айтканда губернаторлук кызматка генерал, полковник чек арачынын кереги жок. Баткендин элинин, тажик элинин моралдык, психологиясын жакшы түшүнгөн, экономиканы, чарбаны, өндүрүштү түшүнгөн элдик адам болуш керек. Баткенге Субаналиевге окшогон көчүгүнөн корккон, өзүн ойлогон, контробанданы гүлдөтүп, контробандисттерди коргоп жүргөн мафиянын өкүлү керек эмес. Андыктан, президент Садыр Жапаров жанындагы саткындардан, кошоматчылардан арылып, мыкты кадрларды мамлекеттик кызматка койбосо өзүнө эле кыйын болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости