www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Мамытов Талант Турдумаматовичке, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке, президенттике талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичке Чаткал карапайым элинин атынан кайрылуу: 

Бизден Чаткал районунан 1991-жылдан бери, тагыраагы 30 жылдан бери Чаткал район болуп туруп, Чаткал районунбуздан Жогорку  Кеңешке бир дагы депутат шайланбай келет. Чынын айтсак, буга чейинки башкаруу система, 30-жылдан берки  Конуституция,   Чаткал районубузга  бир дагы жакшы  жемиш, натыйжа бере албады.

Ошондуктан, биз Чаткал  карапайым  эли сиздерден суранат элек, толук  кандуу башкаруу системасын өзгөртүп , мыйзамга ар бир райондон бирден депутат болсун деген пункт сөзсүз  киргизип, тарых жаңыртсаңыздар жакшы болот эле. Биз дагы Чаткал эли өз элибиздин, жерибиздин таламдарын талашып, Жогорку Кеңештин трибунасында Чаткалдык атуул депутатыбыздын сүйлөп, Чаткал районубуз үчүн иш кылып турганын көргүбүз келет. Ушул Чаткал районубуздагы көйгөйлүү маселелердин бири болуп турган ушул көйгөйлүү маселелерибизди чечип берүүңүздөрдү жалпы Чаткал карапайым элибиздин атынан суранып өтүнүп кетмекчибиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости