www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирген 2019-жылдын 4-октябрынан ушул жылдын 19-майына чейин жол эрежесин бузган айдоочуларга 2 миллион 373 миң 355 токтом толтурулду. Анын ичинен 1 миллион 566 миң 870 токтом боюнча айып пул төлөндү. Бул 66%ды түзөт.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов 31-майда парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында айтты.

"19-майга карата бюджетке 1 миллиард 728 миллион 921 миң сом бюджетке түштү. Убагында төлөнбөгөн айып пул жана туум эсептелип сотко өткөрүлө турган 130 миң токтомдун 70 миңи сот аткаруучуларга жиберилди. Анын ичинен 17 миңине байланыштуу айып өндүрүлдү".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости