www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте сутка ичинде 100 адамга вирус диагнозу коюлду

Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 95 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг берип жатып билдирди.

"31-майга карата коронавирус илдети 95 адамдан аныкталды. Анын ичинен 86сы лабораториялык жол менен тастыкталгандар. 9у клиника-эпидемиологиялык пневмония. Бишкек шаарынын райондору боюнча:

Ленин району - 18;

Свердлов району - 31;

Биринчи Май району - 19;

Октябрь району - 13.

Ал эми башка региондон келгендердин ичинен 14 адамдан илдет аныкталды. Ооруканага жаткырылгандардын саны 20, үй шартында дарыланып жаткандар - 75", - деп билдирди Рыскулбекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости