www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 3-майда Кочкордо карыяны автоунаага салып алышып, "Талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз" деп, коркутушкан жарандардын тасмасы социалдык тармакта тарады.

Алар жөн эле атаны мазактап күлүп, эрмектеш үчүн ушундай кадамга барышкан. Мындай кадамы үчүн жооп бериши керек! Урматтуу достор, чогуу талап кылалы! Жоопкерчиликке тартылышсын! - деп жазган Фейсбуктагы "түркүн_ньюс" тайпасы.

Ага кошумча Асейин Саралаев, "Бул байкенин аты — Жапар... Өзү оорукчан киши. Кумурскага да зыяны жок карып адам. Бул кишини тээ бала кезибизде эле райондун борборуна барып калганда чоң мүшөк сүйрөп алып бөтөлкө чогултуп жүргөнүн көрүп калат элек. Кийин эс тартканда деле Кочкордун борбордук бөлүгүндө жүргөнүн көп көрөт элем... Бир кездеги Жапар байке аксакалдык курагына жетип калганда ушинтип мээси жок айбандардын кордугуна, шылдыңына жана кемсинтүүсүнө кабылып калганы албетте кудай кечире турган иш эмес!

Кочкордо мындай эшектер жок эле да? Ушул нерсенин баарына: тилин чайнаган блогерлер, пранк тартып, хайптарды жаратып, спорт залдагы химиктерди "жылдыз" кылып киши уурдаган кино тартышып, криминалды даңазалашып адамдын аң-сезимин талкалап жаткандар күнөөлүүдөй сезилди... Бул эки айбан кармалды деп жатышат. Экөөнө "адам уурдоо" беренесин баш кылып бир нече статьядан гүлчамбар жасап туруп темир торго тыгып койсо жакшы болмок. Тапкан экен кордой турган адамды! Бир райондун атын уят кылып жатканыңар аз келгенсип, динде дагы салтыбызда дагы оор жазага тартыла турган жорукту жасадыңар иттер!" – деп жазат өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Урматтуу кыргызстандыктар бири-бирибизди мазактоодон алыс бололу, дүйнөдө тирүү эч ким калган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости