www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 31-майда жол коопсуздугун камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө иштерди күчөтүү боюнча ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеге ИИМдин борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

ИИМ башчысы коомдук тартип сактоонун бардык жагдайларына токтолду.

Айрыкча жол кырсыктарынын алдын алуу, агитациялык пропагандалык иштерди күчөтүү, жол кырсыктары көп болгон жолдордо жол белгилерин карап чыгуу, жол кырсыктарына байланыштуу катталган фактыларды обьективдүү тергөө жана бардык иштерди мыйзам чегинде карап, акыйкат жана туура чечимдерди кабыл алууну тапшырды.

Ошондой эле республика боюнча ички иштер органдарынын бардык жетекчилери аткарылган иштер боюнча отчетторун беришти.

Чогулуштун жыйынтыгы менен министр ички иштер органдарынын жетекчилерин алдына жети тапшырма койду. Алар: коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерин жеринде чечүү максатында жарандарды бардык суроо, өтүнүчтөрү боюнча кабыл алуу, аларга жардам көрсөтүү иш-чаралары үзгүлтүксүз уюштуруу. "Ошондой эле, жергиликтүү бийлик органдары, айылдын активдүү тургундары, кадыр-барктуу аксакалдары, айыл өкмөттөрү жана айыл башчылары менен бирге кылмыштарга бөгөт коюу, жаш өспүрүмдөр арасында жана аларга карата жасалган кылмыштарга, коомго жат көрүнгөн ар түрдү окуяларды болтурбоо максатында жолугушууларды өткөрүп, эл менен тыгыз иш алып барууну күчөтүүнү колго алуу керектигин белгилеймин”,- деди министр.

Ошондой эле, Улан Ниязбеков жол кыймылынын коопсуздугун сактоо чараларын кескин жакшыртуу, анын ичинде интернет булактарына, маалымдоо каражаттарына профилактика иштерин кеңири чагылдыруу, айдоочулар менен, оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары менен жолугушууларды уюштуруп, жол кырсыктарынын иш-чаралары колго алуу жана жайкы туристтик мезгилге карата жол кырсыктарын болтурбоо максатында зарыл иш-чараларды уюштурууну да колго алуу керектигин баса белгиледи.

“Коомдо резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачуу, иликтөө, кылмыштар жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин мыйзам чегинде тергөө менен өз убагында сот органдарына жиберүү кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү бардык багыттар боюнча ыкчам-иликтөөлөрдү улантуу зарыл. Ошондой эле жер-жердеги тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге тыгыз байланышта иш алып барып, жаш балдардын дайынсыз жоголуусуна, сууга чөгүп каза болуусуна жана жарандардын жашоосуна терс таасирин тийгизген окуяларга бөгөт коюу багытында бардык иштерди ыкчам жүргүзүү керек”,- деди ал.

Министр азыркы учурда өлкөбүз, анын ичинде жалпы коомчулук өткөөл мезгилден өтүп жаткан убагы десек болот деп белгиледи. "Себеби, жаңы Конституциянын негизинде элге ылайыктуу болгон жаңы мыйзамдар, ченемдик-укуктук актылар даярдалып, Жогорку Кеңешке сунушталууда. Аны менен бирге, элдин социалдык-экономикалык жана турмуш-тиричилик шартын жакшыртуу, коомдук тартипти бекем сактоо, жарандардын эркиндиги менен укуктарын коргоо багытында бир катар тиешелүү аракеттер көрүлүп жатат.

Ошондуктан, ички иштер органдарынын ар бир кызматкери катардагы кызматкерден баштап, жетекчиге чейин бизге жүктөлгөн милдеттерди мыйзам чегинде абийирдүүлүк менен аткарууга тийишпиз”,- деди Улан Ниязбеков.

Маалымат иретинде, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги онлайн кеңешмени коомдук тартип чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди талкулоо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн убакты шартына жараша өткөрүп турат. Аталган онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен да милициянын мындан аркы ишмердүүлүгүнө байланыштуу кошумча иш пландар иштелип жана аны иш жүзүнө ашыруу боюнча уюштуруучулук чечимдер кабыл алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости