www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Ал "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен парламентке келип жатат. Өткөн жумада Мурашевдин партиялашы Исхак Пирматов мандатын тапшырып кеткен. Андан соң БШК тизме боюнча кийинки катарда турган талапкер Мурашевге мандат берди.

Белгилей кетсек, Нурбек Мурашев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп турган кезде ага карата бир топ сын айтылган. 2018-жылы дыйкандар картошкасын беш сомго дагы сата албай калып, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков аны зекиген. Министрлик картошканын баасы көтөрүлөт дегени менен олуттуу жылыш болгон эмес. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости