www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы учурда Назира Айтбекованын социалдык тармакта жазган шилтемелери коомчулукта гана эмес аттуу-баштуу журналисттерди кыжырданта баштады. Белгилүү журналист Семетей Талас уулу Айтбекованын жоруктары тууралуу пикирин төмөнкүчө жазып чыкты. 

--"Назира Айтбекова карындашым... Сүрөтүңдү көрдүк, көз зынасын кылдык. Кудай өзү кечирсин. Эмчегиңден кармаладык, виртуалдуу. Өзүң айтмакчы баарын ачык айталычы. Карындашым акыретиңди ойлон. Кийин сени өтө татаал тагдыр күтпөсүн, акыретиң оор болбосун. Сенин жолуң менен кеткен кээ бир кыздар Кудай сактасын, тозокто күнөөсүн сага оодарышат. Сени коштоп, сага шыкак берип аткандар аркы дүйнөдө күнөөнү бүт сага оодарышат. Албетте, сен деле жооп бересиң дечи. Арийне, бир күнөө ишти баштаганга башкалардын да күнөөсү кошулат. Ар бир башта кыздарыбыз турат. Сага тиги-бул дегим келбейт. Сени сындабайм дагы. Алла Таалам сага ыйман жана сени бактылуу кыла турган өмүрлүк жар берсин. Сени тааныбасам жазбайт элем. Баракчаңды карасам баары ошол жакта жүрүшөт, чала молдолору баш болуп... Токтон карындашым кеч бололекте. 

Анан туугандар кыргыздын залкарларын, кыйрагыс тарыхын, улуттук баалуулуктарын жазсаң же пост бөлүшсөң эптеп окумуш болуп өткөрүп жибергендер ушундай темага келгенде ар бириң коммент жазчу элең", - жазып калтырган Семетей Талас уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости