www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Коопсуз шаарды” ким ишке ашырат?

Милициянын ишинин ачыктыгын, ыкчамдыгын камсыз кылып, жол кырсыктарын азайтууга багытталган “Коопсуз шаар” долбоорун чогуу-чаран ишке ашыруучу компанияга сынак жарыяланат. Бул тууралуу 1-вице-премьер-министр К. Боронов Парламентте билдирип, мындай деди:

— Биз башка өлкөлөрдө киргизилип жаткан долбоорлорду карап чыктык. Бизге Москва шаарындагы долбоор туура келет деп ойлодук. “Коопсуз шаар” долбооруна мамлекеттен акча жумшабайбыз. Тышкы инфраструктура, камераларды орнотуу, белгилерди коюу деген жумуштардын баарын сынактан уткан өнөктөш компанияга беребиз. Алар фото, видеофикациядан түшкөн материалдарды бизге сатуу аркылуу пайда табышат. Мамлекет башкаруу системасын өзүбүз даярдап жатабыз. Аны Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Инфоком” кызматынын алкагында жасайбыз.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости