www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын армиясынын да, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин да тик учагы жок экендиги көп эле айтылып келет. Ошондуктан экс-премьер-министр С. Исаков Ошко Ага хан фондунун тик учагы менен барып-келип, коомчулукта бир топ ызы-чуу болгон. Бирок 14-июнда Парламент депутаты Каныбек Иманалиев «Коргоо комитетинин төрт тик учагы Сомали мамлекетине ижарага берилгени жатат» деген маалыматты териштирип, келишим түзгөн жетекчилерди жоопко тартуу керек экенин билдирди.

«Экөөнү Америкадан, экөөнү Орусиядан жардамга алганбыз. Ошол төрт тик учакты Уганданын фирмасы аркылуу согуш болуп аткан Сомалиге ижарага бермек болуп жатышат. Кыргызстанга бир тыйын акча түшпөйт, каражат Дубайдагы эсепке түшмөк болот. Мындан дүйнөлүк беделибизге доо кетти, согуш болуп аткан өлкөгө жардам берип атабыз. Экинчиден биз аны Орусиядан жардамга алганбыз, үчүнчү өлкөгө берүүгө акыбыз жок. Үчүнчүдөн ошого кол койгон адам жооп бериши керек, бул кылмыш», — ​деди Иманалиев.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бул ишти териштирүүгө убада берди. Эгер бул маалымат чын болсо, анда тик учактарды кайсы бир жогорку даражалуу чиновник боло жүргөндөй эле чет мамлекеттерге ижарага берип, “шабашка” жасаса керек.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости