www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үч күндүк конференциянын ишине америкалык эки партиянын 50 гө жакын мыйзам чыгаруучулары катышууда. Мюнхенде өтүп жаткан коопсуздук конференциясына мындан тышкары дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн саясатчылар, дипломаттар жана аскер адамдары келишкен. Тарыхта Америкалык делегация өкүлдөрү 1963-жылдан кийин эң көп катышкан иш-чара болуп калаарын конгрессмендер өздөрү билдирип жатышат.
Украинадагы согуш Евробиримдик менен НАТО альянсын бириктиргендей эле АКШ Конгрессин да бириктирди дегендей ойлор серепчилер арасында айтыла баштады. АКШ Конгрессинин бириккен делегациясы Джо Байденге ачык эле кысым көрсөтүү жолу менен кат жөнөтүшүп "Украинага F-16 учактарын тез арада берүү зарылдыгын" айтышкан.
Заманбап бул учактардын Украина коргонуусунда жерде жылып жүрүүчү танк баштаган техникаларына караганда өтө эффективдүү экендиги катта ачык көрсөтүлгөн. Иш-чарага катышып жаткан Украина Аскер аба күчтөрүнүн полковниги Юрий Игнат "F-16 учактарынын Украинага берилиши учурдагы согуш жүрүп жаткан аймактарда жөө аскерлер менен бирге жердеги техникаларга абадан жакшы жардам болоорун билдирип, келечекте Украина аскер аба күчтөрү толук түрдө ушул моделдеги учактар менен камсыздаларына ишенерин" билдирди. Мындай чечимге кубанганын жашырбаган Игнат "учурда учкуч украиндердин арасында англис тилин билген жана учакты жөндөп айдап кете ала тургандары бар экенин айтып, аталган курал менен орустун канаттуу ракеталарынан жана ирандык дрондордон коргоно алса болоорун" жашырбады.
АКШ Мыйзам чыгаруучуларынын Джо Байденге жазылган каты Politico басылмасына чыгып кеткен.
Булак: NazarNews.kg